Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 21:05

Бүгүн, 22-сентябрда Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп жаткан жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндарынын алкагында Кыргызстан тарабынан сунушталган Алыш бел боо күрөшү боюнча таймаштар башталат.

Таймаштар кыз-келиндер жана эркектер арасында алтыдан салмакта аталган күрөштүн классикалык жана эркин стилдеринде эки күн бою өтөт. Жалпысынан 24 топтом медал ойнотулат. Алыш күрөшү алгачкы жолу бул мелдештердин программасына спорттун бел боо күрөштөрү боюнча түрүнө киргизилип, бел боо күрөшү, казак күрөшү жана Ирандын пахлавани күрөшү менен катар өткөрүлүп жатат. Казак күрөшү жана пахлавани күрөшүнөн таймаштар бир күндө өтсө, бел боо күрөшү менен Алыш күрөшүнөн беттештер эки күнгө белгиленген.

Алгачкы күнү балбандар Алыш күрөшүнүн эркин стилинен, 23-сентябрда классикалык түрүнөн беттешет. Эркин стилдеги таймаштарда Кыргызстандын 14 балбаны килемге чыгат. Алардын арасында Алыш, бел боо жана казак күрөшү боюнча бир нече эл аралык мелдештерди уткан, дүйнөлүк универсиаданын, Көчмөндөр оюндарынын чемпиону Нурбек Кожобеков дагы бар.

Кечээ, 21-сентябрда алтынчы мелдеш күнү аяктады. Бул күнү Кыргызстандын спортчулары бир күмүш жана үч коло байгенин ээси болушту. Казак күрөшүнүн эркин стилинен 90 килограммдан жогорку салмакта күч сынашууга чыккан Тилек Кувалов үч атаандашын жеңип, финалда казакстандык балбанга утулуп күмүш байге алды.

Коло байгелерди күрөштүн ушул эле түрүнөн таймашкан Мирлан Эралиев (-70 кг.), пахлавани күрөшүнөн күч сынашкан Айдарбек Айтиев (-70 кг.) жана ат менен тоскоолдуктардан секирүү (конкур) боюнча жарышка чыккан Камил Сапиев алды. Ушул күнгө карата Кыргызстандын спортчулары жалпысынан 30 медал топтошту. Алардын экөө алтын, 10у күмүш жана 18и коло медал. Жалпы медал алган өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан 15-орунда бара жатат.

17-сентябрда башталган жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндары 27-сентябрга чейин уланат. Ага 64 өлкөдөн жана качкындар командасынан 5500 чамалуу спортчу катышууда. Кыргызстандан спорттун 17 түрү боюнча 153 спортчу барды. (ECh).

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG