Линктер

шейшемби, 17-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:49

АКШда Кыргызстан менен General Electric кызматташтыгы талкууланды


АКШнын Нью-Йорк шаарындагы жолугушуу. 21-сентябрь, 2017-жыл.

Президент Алмазбек Атамбаев 21-сентябрда, Нью-Йоркко иш сапарынын алкагында General Electric компаниясынын вице-президенти Рон Поллетт менен жолугушту.

Анда General Electric компаниясынын Кыргызстандагы ишмердиги, анын ичинде энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо талкууланды.

Кыргызстан менен General Electric компаниясынын ортосунда кызматташтыкты кеңейтүү, биринчи кезекте ата мекендик энергетиканы жана жаңы гидроэлектрстанцияларын куруунун келечеги тууралуу сөз болгонун президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

АКШдагы белгилүү General Electric компаниясы Кыргызстандагы энергетикалык долбоорлорду инвестициялоого кызыкдар экени быйыл июлда ишкана өкүлдөрү Бишкектеги Кыргызстан-АКШ бизнес форумуна катышкан маалда айтылган. ​ Атамбаев АКШга БУУнун Нью-Йоркто өтүп жаткан Башкы ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн барган. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG