Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Тажикстанда алгачкы жетекчи той-аш чыгымдары үчүн соттолууда


Иллюстрация
Иллюстрация

Тажикстандын Улуттук китепканасынын мурдагы башчысы той-аш чыгымдарын чектеген мыйзамды бузду деп соттолууда. Саифиддин Назарзода жакында өзгөртүлгөн мыйзам менен жоопко тартылган алгачкы мамлекеттик кызматкер болуп калды.

Ага жайында уулунун үйлөнүү тоюнан кийинки эртең мененки тамакка мыйзам уруксат бергенден көп адам чакырган деген айып коюлууда. 21-сентябрда башталган соттук териштирүүдө Назарзода бул айыптарды четке какты. Ал антикоррупциялык агенттиктин кызматкерлери сөз болуп жаткан таңкы тамактанууга чакыруусуз келгенин, тамактарды жеп тасмага тартып кеткенин айтты.

Август айында ал видео мамлекеттик телеканалдан көрсөтүлгөндөн кийин Назарзода кызматтан кеткен.

Тажикстанда мындан туура он жыл мурун кабыл алынган "Каада-салтты, салтанат жана жөрөлгөнү тартипке салуу жөнүндө" мыйзамга жайында президент Эмомали Рахмондун тапшырмасы менен дагы кошумча-алымча кирген. Алардын арасында маркумдун жетилик, кыркылык жана ашында бодо мал союуга жана элге тамак берүүгө тыюу салган да жоболор бар.

XS
SM
MD
LG