Линктер

ишемби, 21-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:53

Президент Алмазбек Атамбаев АКШнын Нью-Йорк шаарындагы жумуш сапарынын алкагында Time журналына интервью берди.

Маек учурунда өлкө башчы Кыргызстандын тышкы саясатынын багыты, стратегиялык шериктеш өлкөлөр менен улуттук кызыкчылыкты көздөө аркылуу жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу сөз кылды. Ошондой эле өлкөнүн терроризм, экстремизм менен күрөшүү, демократияны жайылтуу жана АКШ менен алакасы тууралуу суроолорго жооп берди.

Time журналынын баяндамачысынын Атамбаевдин мураскери тууралуу суроосуна жооп берип жатып президент, өлкөдө тынчтык жана стабилдүүлүктү алып келүү үчүн чоң аракеттер жүргөнүн, натыйжада эл өлкөнүн тагыдырын өзү чечиши керектигин түшүнгөнүн айтты.

- Биз таза шайлоону өткөрүү аракетинде биометрикалык маалыматтарды колдоно баштадык. Биз аткаминерлер, бийлик коомчулуктун пикирин угуп, андан корко тургандай кылдык. Өзүм өлкөнү жетектеп турган учурда биз эркин элдин мамлекетти курабыз деп айткам жана биз ал жолдон тайбайбыз, – деди Атамбаев.

20-сентябрда Атамбаев Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышып, жалпы саясий дебаттарда сөз алып, президенттик шайлоону ачык-айкын өткөрүүгө “саясий эрк бар” деп ырастап, кыргызстандыктарга кайрылуу да жасаган.

Бүгүн Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга кайтып келди. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG