Линктер

ишемби, 21-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:54

АКШ бийлиги президент Дональд Трамптын миграциялык буйругун башкача чектөөгө алмаштырышы мүмкүн. The Wall Street Journal жазгандай, жаңы чектөө чаралары азыркыдан да көп жаранга таасирин тийгизет. Учурда жаңы эрежелердин үстүндө президенттин администрациясы иштеп жатат.

WSJ булактары чектөөлөр АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген өлкөнүн жарандарына түз тиешелүү экенин айтат. Басылма кабарлагандай, Трамп жаңы чаралар туурасында 24-сентябрдан кийин жарыялайт. Анткени бул күнү Трамтын учурдагы миграциялык буйругунун мөөнөтү аяктайт.

Январь айында Трамп Африка жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн иммигранттарын өлкөгө киргизбөө тууралуу буйрук чыгарган. Ал ошондой эле качкындарды кабыл алуу программасын 120 күнгө токтоткон.

Ал эми март айында Ак үй башчысынын Иран, Сирия, Судан, Ливия, Сомали жана Йемен өлкөлөрүнүн жарандарын АКШга киргизүүгө тыюу салган жаңыланган буйругу чыккан. Бул мыйзамды аткаруу Гавайи соту тарабынан токтотулган.

26-июнда АКШнын Жогорку Соту ишти толук карап бүткөнгө чейин буйрукту жарым-жартылай күчүнө киргизген. Жогорку Соттун кийинки отурумдары октябрь айына белгиленген. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG