Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Азиада-2017: кикбоксчулар менен балбандар таймашка чыгат


"Ашхабад" борборду стадиону
"Ашхабад" борборду стадиону

Ашхабадда өтүп жаткан жабык жайдагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндарынын 9-күнүндө кыргызстандык эркин күрөшчүлөр килем үстүнө чыгышат. Бул спорт боюнча бүгүн беш балбан медал үчүн күрөшүүнү баштайт.

Ошондой эле самбо жана кикбокс боюнча спортчулардын кезеги келди. Мындан тышкары стритбол боюнча Кыргызстандын командасы финалга чыгуу үчүн Ирак мамлекети менен ойнойт. Кечээ биздин баскетболчулар Таиландды уткан.

Эртең болсо грек-рим күрөшү боюнча таймаштар башталат.

Кыргызстан медалдардын расмий эмес жыйынтыгы боюнча 23-сентябрга карата 41 медал менен 10-орунда келатат. Алдыңкы үчтүктө Түркмөнстан, Иран жана Өзбекстан өлкөлөрү жайгашкан. (SDz)

XS
SM
MD
LG