Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:34

Ошто "досторун тамашага салган" жигиттин өзүнө кылмыш иши козголду


Иллюстрация
Иллюстрация

Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков “Азаттыкка” кабарлады. Сурак учурунда 26 жаштагы жаран, досторун тамашалоо үчүн өзүнүн колу-бутун таңып, автоунаасынын ичине жатып алганын мойнуна алган.

Окуя 23-сентябрь күнү кечинде орун алган. Ош шаарынын 26 жаштагы тургуну аны белгисиз адамдар уурдап кеткенин, калаа четинде автоунаанын багажында жатканын айтып, досторуна телефон чалып, куткарып кетүүнү өтүнгөн. Анын достору бул тууралуу милицияга кабарлаган. Натыйжада милиция кызматкерлери ыкчам аракеттерди көрүп, жаранды шаар четинен автоунаанын багажынан колу-буту байланган абалда табышкан.

Кармалган жаран милиция келгенден кийин, “мен жөн эле досторумду сынап, тамаша кылайын дегем” деп көрсөтмө берген.

Бул факт боюнча досторун “тамашага алгысы келген" жигиттин өзүнө “бейбашчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери уланууда.

26 жаштагы жигит Ош шаардык мэриясында иштей турганы жана Ноокат районунда айылдык кеңеште депутат экени айтылууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG