Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:48

Германияда жаңы коалиция түзүү аракети башталды


Немис канцлери Ангела Меркел
Немис канцлери Ангела Меркел

Германияда парламенттик шайлоодон кийин канцлер Ангела Меркел коалициялык өнөктөштөрдү караштыра баштады. Ал жыл соңуна чейин жаңы колициялык биримдик түзүүнү көздөп жатканын 25-сентябрда билдирди.

Жекшембидеги шайлоонун жыйынтыгына ылайык, Меркел жетектеген Христиан-социалдык биримдик (CDU/CSU) добуштардын 33 пайызын топтоп, өкмөттү куроо мүмкүнчүлүгүн сактап калды. Бирок мигранттарга каршы билдирүүлөрү менен белгилүү болгон "Германия үчүн альтернатива" партиясы 13 пайыздык добуш менен биринчи жолу Бундестагга кирди. Ошондой эле Дүйнөлүк экинчи согуштан кийин парламентке келген алгачкы ашкере-оңчул партия болуп калды.

Парламенттеги экинчи ири саясий биримдик саналган Социал-демократтар партиясы мурдагы шайлоодон азыраак добуш (21%) алып, оппозицияга кетерин жарыялады. Мындан улам канцлер Ангела Меркел коалиция куроо үчүн 5 пайыздык босого чектен өткөн башка үч партия менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG