Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Бакыт Төрөбаев талапкерлерди КТРКны бойкот кылууга чакырды


“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын атынан президенттик шайлоого аттанган Бакыт Төрөбаев КТРКнын 15 мүнөттүк акысыз эфирин бойкот кылганын жар салып, башка талапкерлерди да өзүнө кошулууга үндөдү. Буга 23-сентябрда КТРКнын “Ала-Тоо 24” каналынан чыккан “Төрөбаевдин үгүтчүлөрү шайлоочуларды сатып алууда” деген материал негиз болгон. Төрөбаев аталган сюжетте жалган маалыматтын негизинде бир жактуу каралоо болгон деп эсептейт. Төрөбаевдин штабы бул боюнча 24-сентябрда БШКга арызданган.

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков Төрөбаевдин айыптоолорун четке кагып, коомдук канал мыйзам чегинде гана иштеп жатканын билдирди. Ал талапкерлер расмий кайрылса, бардык дооматтарына жооп берүүгө даяр экенин кошумчалады.(UEz)

XS
SM
MD
LG