Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:44

"Акыйкат шайлоо үчүн" жарандык кыймылы коопсуздук маселелерин талкуулайт


26-сентябрда маалымат жыйын курат. Анда президенттик шайлоо күнү тартип сактоо, коопсуздук жана шайлоо процессинде мыйзамдардын сакталышы боюнча жарандык активист Адил Турдукулов, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев жана БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев журналисттерге маалымат берет. Бул тууралуу кыймылдын координатору Кайыргүл Орозбай кызы "Азаттыкка" билдирди.

Уюштуруучулардын белгилөөсүндө, "Акыйкат шайлоо үчүн" жарандык кыймылы президенттик шайлоого байланыштуу пайда болгон бардык маселелер боюнча коомчулукта талкуу уюштуруп, тиешелүү эксперттердин катышуусунда маалымат берип турмакчы.

"Акыйкат шайлоо үчүн" жарандык кыймылы бир нече коомдук ишмерлердин, саясий партиялардын жана жарандык активисттер кол койгон меморандумдун негизинде түзүлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG