Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:27

“Манас” аэропортунда Өзбекстандын жараны жасалма паспорт менен кармалды


Иллюстрация
Иллюстрация

26-сентябрь күнү эл аралык “Манас” аэропортундагы көзөмөл-өткөрмө пункттан чек арачылар 33 жаштагы Өзбекстан жаранын жасалма паспорт менен кармашты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.

Жүргүнчү Казан-Бишкек каттамы боюнча учуп келген. Текшерүүдө белгилүү болгондой, кармалган өзбекстандык жаран Кыргызстандын жаранына тиешелүү паспортту көргөзгөн. Паспортко ал өзүнүн сүрөтүн алмаштырып алганы аныкталды.

Натыйжада кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Иликтөө иштерин УКМК уланат.

Буга чейин Кыргызстандын паспорту чет өлкөлүктөргө, анын ичинде өзбекстандык жарандарга да сатылып кеткени боюнча бир топ маалыматтар чыккан. (ErN)

XS
SM
MD
LG