Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:53

Тиш доктурдан кийинки өлүм окуясын шаардык прокуратура териштирет


Маркум Касмалы уулу Нурлан
Маркум Касмалы уулу Нурлан

Тишин дарылатып, өлүмгө кабылган жарандын окуясына байланыштуу кылмыш ишти тергөө Биринчи Май райондук прокуратурасынан алынып, Бишкек шаардык прокуратурасына тапшырылды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун иликтөөсүнө байланыштуу суроосуна Башкы прокуратурадан макала жарыялангандан кийин келген жооп катында айтылат.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Улуттук госпиталдын комиссияларынын иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча 21 жаштагы Касмалы уулу Нурландын өлүмүнө алып келген дарылоо ишинде кеткен кемчиликтер үчүн Улуттук госпиталдын бет-жаак хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Алмаз Кулназаров жана дарыгер Айнура Алымбаева кызматынан бошотулган. Бирок алар кызматтан мыйзамсыз алындык деп сотторго кайрылган. Натыйжада Жогорку Сот аларды кызматта калыбына келтирүү боюнча чечимдерди күчүндө калтырган.

Ал эми жабыркаган тараптын дарыгерлерге чара көрүү тууралуу арызы боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы кылмыш иш козгоодон быйыл 4-сентябрда баш тарткан.

Жабыркаган тарап "ал дарыгерлер жеке байланыштары аркылуу экспертизанын баштапкы жыйынтыктарын бурмалатып, тергөө, прокуратура жана сот органдарынын "көмөгү" менен жоопкерчиликтен кутулуп кетти" деп даттанган. (KJ)

XS
SM
MD
LG