Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Пакистандын экс-премьеринин соту башталды


Наваз Шариф
Наваз Шариф

26-сентябрда Исламабадда Пакистандын мурдагы өкмөт башчысы Наваз Шарифтин соту башталды.

Судья ошондой эле Шарифтин эки уулун, кызын жана күйөө баласын да эмки жумада сот келсин деп буйрук чыгарды.

Экс-премьердин балдарына байланыштуу иликтөө 2015-жылы Панамадагы офшордук документтер ачыкка чыгып кеткенден кийин башталган. Алар Пакистандан акчаны мыйзамсыз чыгарып кетип, офшордогу ишканасы аркылуу Лондондон кымбат баадагы кыймылсыз мүлктөрдү алып турушкан деп шектелүүдө.

Иликтөөнүн натыйжасында Шариф коррупцияга айыпталып, Жогорку Сот тарабынан июлдун аягында кызматынан четтетилген.

Үй-бүлө айыптарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG