Тажикстан Башкы прокуратурасы жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштурган үч ишканага "адам сатуу" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.
"Жамол-2012", "Имкон-2015" жана "Абдулкарим" аттуу ишканалар 2016-2017-жылдары бир нече тажикстандыкты, анын ичинде эки аялды Сауд Арабиясына эмгек миграциясына жөнөтүшкөнү маалымдалат. Бирок алар келишимде жазылган жерде эмес, жергиликтүүлөрдүн үйүндө мажбур иштетилгени, ал үчүн акы алышпаганы белгилүү болгон.
Жакында эле тажик тышкы иштер министрлиги Шамсия Асаналишоева аттуу жаранын Саудиядагы эмгек кулчулугунан бошотуп келген. 46 жаштагы аял үй ээлеринин зомбулугуна кабылганын, ал жакта башка да мекендештери көп экенин айтып берген.
"Кожоюндар кыйнап, уруп-сабап, атургай биздин аялдарды зордуктаган учурлар да бар. Бирок алар арызданышпайт. Чыдашат. Анткени жумушунан айрылып калуудан коркушат. Мен полицияга чалып, арызданууга белсенген жалгыз тажик аялы болсом керек" деген эле Шамсия.
Тажикстандын миграция кызматы Сауд Арабиясына иш издеп кеткен жарандарынын санын так билбейт. "Азаттыктын" тажик редакциясына кызматтын жетекчи орун басары Толиб Шарифов Саудия менен ишке орноштуруу боюнча келишим жоктугун, бул өлкөгө мигранттар мыйзамсыз жол менен чыгарылып кетип атканын билдирген.