Линктер

ишемби, 21-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:55

Биометрикалык маалыматтарды топтоо 30-сентябрда убактылуу токтойт


Биометрикалык паспорт.

Биометрикалык каттоодон өтүү республиканын бардык аймактарында 29-сентябрга чейин улантылат жана 30-сентябрдан баштап 15-октябрга чейин токтотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов “Азаттыкка” билдирди.

Мунун себебин аталган мекеме андан ары президенттик шайлоого карата шайлоочулардын тизмесин так аныктоо процесси жүрөрү менен түшүндүрүүдө. Ошого байланыштуу мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек шайлоочуларды 29-сентябрга чейин тиешелүү бөлүмдөргө келип, катталып кетүүгө чакырат. Маалыматтарды чогултуу 16-октябрда кайра жанданат.

Мамкаттоо кызматынан билдиришкендей, учурда калкты паспорттук каттоо бөлүмдөрүндө, никени каттоо түйүндөрүндө, калкты тейлөө пунктарында жана акимиаттарда биометрикалык каттоо жүргүзүлүп жатат.

Мекеме жарандарды өзүнүн аты-жөнүн шайлоочулардын тизмесинен бар жок экенин www.shailoo.srs.kg (tizme.srs.kg) сайттарынан текшерүү керектигин да эскертет. Же 119 кыска номерине паспортто көрсөтүлгөн персоналдык номерин жөнөтүү менен өзүнүн кайсы участокто катталганын билсе болот.

Мамлекеттик каттоо кызматы буга чейин биометрикалык каттоодон өтө элек 800 миңдей адам президенттик шайлоодо добуш бербей каларын айткан. Ушундан улам аймактарда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жарандардан биометрикалык маалымат чогултуу иштерин күчөткөнү кабарланган.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Эки жылдан бери Кыргызстанда шайлоо жараяндары биометрикалык каттоонун негизинде жүрүүдө. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG