Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

“Бишкексууканал”: Ичүүчү суудан курт чыкты деген маалымат жалган


“Бишкексууканал”ишканасы шаардагы ичүүчү суу ар кандай курттар менен булганган деген маалыматты четке какты.

Ишкананын жетекчисинин орун басары Мурадин Сейдалиев “Азаттыкка” билдиргенине караганда, интернетте сүрөтү тараган белгисиз курттар менчик үйдүн тамаркасындагы кудуктагы үлүлдөр болуп чыкты.

Сейдалиев Бишкектеги таза суу күн сайын текшерилип, керектүү анализдер жүрөрүн жана баш калаа булактан суу ичерин кошумчалады:

- Ордо калаада 350дөй таза суу кудугу бар, 150 метр тереңдиктеги скважинадан таза суу алынат.

24-сентябрда интернеттеги социалдык тармактын колдонуучулары Бишкектеги суу түтүктөрүнөн тасма куртка окшош белгисиз жандыктар чыгып жатат деп айнек идиштеги ак-сары түстөгү курттардын сүрөтүн таркатышкан.

Баш калаадагы суунун тазалыгын көзөмөлдөөчүлөр дароо окуя катталган жерге барып, керектүү анализдер алынган. (BCh)

XS
SM
MD
LG