Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:48

"Ала-Тоо уксун добушун, акыны менен комузун" аттуу төкмө акындардын айтышы бүгүн 26-сентябрда башталат.

Республикалык деңгээлде өтүп жаткан бул айтышты Ысык-Көлдөн чыккан жаш акын Эсенбек Кийизбаев жеке демөөрчүлөр менен биргеликте уюштурууда.

Быйылкы Ыйман, маданият жана адеп жылына жана эгемендиктин 26 жылдыгын даңазалап республика боюнча 14 акын катышып, төкмөлүгүн көргөзүшөт. Айтыш Каракол шаарындагы Касымалы Жантөшев атындагы драма театрында өтөт.

Байге фонду 400 миң сом. Айтыш эки күн болот, 27-сентябрда аякталып, жеңүүчүлөргө байгелери тапшырылат. (AsM)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG