Линктер

ишемби, 21-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:55

Эрдоган ирактык күрттөрдүн лидерин чыккынчылык кылды деп айыптады


Масуд Барзани жана Режеп Тайып Эрдоган. Анкара. 23-август, 2016-жыл

Түркиянын президенти көз карандысыздык боюнча референдум өткөргөн Ирактын Күртстан автоном аймагынын президентин чыккынчылыкка айыптады.

"Чынын айтсам, акыркы көз ирмемдерге чейин Масуд Барзани мындай ката кетирет деп күткөн эмеспиз. Бирок биз жаңылыппыз. Референдум өткөрүү чечими биздин мамилебиз бекем болуп турганда кеңешүүсүз кабыл алынган. Бул - чыккынчылык", деди Режеп Тайып Эрдоган.

26-сентябрдагы сөзүндө Эрдоган Түркия чек араларды жапканда ирактык күрттөр ачкачылыкка туш болоорун, аларга экономикалык жана аскердик чаралар да көрүлүшү мүмкүндүгүн эскертти.

Алгачкы жыйынтыктарга ылайык, 25-сентябрдагы референдумга тизмедеги 4,5 млн адамдын 72 пайызы катышкан. Күрттөрдүн "Рудав" телеканалы 90% чукул шайлоочу көз карандысыздыкты колдогонун билдирүүдө. Акыркы жыйынтык 28-сентябрда чыгышы керек.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG