Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Путин: Орусия акыркы химиялык куралдарын жок кылды


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусия президенти бул тууралуу бүгүн Москвадан Удмуртиядагы химиялык курал жайы менен болгон түз видео байланышы учурунда билдирди.

Ал өлкөсүнүн аймагындагы совет доорунан калган химиялык куралдардын акыркы бөлүгүнүн жок кылынып жатышын “тарыхый окуя” деп да мүнөздөдү.

Владимир Путин ага катар Кошмо Штаттар өз химиялык куралдарын жок кылуу “мөөнөтү боюнча алган милдеттемелерин аткарбай жатканын” кошумчалады.

АКШ администрациясы Путиндин бул сөздөрүн азырынча комментарийлей элек.

Орусия менен АКШ Химиялык курал боюнча конвенциянын мүчөлөрү катары химиялык курал корлорун эң кеч дегенде 2012-жылга дейре жок кылууга милдеттеме алган.

Массалык кыргын салуучу куралдардын коркунучун азайтуу багытында иш жүргүзгөн, Вашингтондо жайгашкан NTI уюмунун маалыматына караганда, АКШ жарыяланган химиялык курал корунун 90% 2013-жылга карата керектен чыгарган.

АКШдагы андай тогуз жайдын жетөө жабылган, кеминде дагы бирөөнөн химиялык куралдар 2023-жылга карата жок кылынат.

Орусия акыркы химиялык курал арсеналын Удмуртиядагы жайда жок кылганын баш кеңсеси Гаагада жайгашкан, Химиялык куралга каршы эл аралык уюм да ырастады.

Уюмдун башкы директору Ахмед Узумчу бул окуяны Химиялык курал конвенциясынын максаттарын орундатуудагы “маанилүү бурулуш” деп баалады. (UE)

XS
SM
MD
LG