Линктер

ишемби, 21-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:54

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун шайлоо штабы 27-сентябрдын кечинде тараткан кыска билдирүүдө “кылмыш ишинин козголушун кезектеги чагым жана административдик ресурсту колдонуунун формаларынын бири деп санайбыз, тиешелүү арыз Башкы прокуратурага жана Борбордук шайлоо комиссиясына берилди”,- деп айтылат.

Башкы прокуратура президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду колдоо үчүн Ош шаарынын тургунуна акча сунуштаган деп шектелген эки жаранга кылмыш ишин козгогону 27-сентябрда белгилүү болгон.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кылмыш иши Ош шаарынын жашоочусунун арызынын негизинде козголуп, иш шаардык сотко өткөрүлүп берилген.

Кылмыш ишин кароо 3-октябрга дайындалган.

Президенттик шайлоо өнөктүктүн учурунда шайлоочуларды сатып алуу аракети делген факты боюнча алгачкы кылмыш ишинин козголушу президент Алмазбек Атамбаев менен башкы прокурор Индира Жолдубаева жолуккандан эки күндөн кийинки учурга туш келди.

Президенттин маалымат бөлүмү 25-сентябрдагы жолугушууда Алмазбек Атамбаев башкы прокурорго “президенттик шайлоолор мезгилинде мыйзамдын сакталышына көзөмөлдү күчөтүп, шайлоо мыйзамдарын бузуулар аныкталса, катуу чара көрүүгө тапшырма берди”,- деп кабарлаган.

Байкоочулар парламенттеги “Республика” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановду бийликтеги КСДП партиясынын талапкери, Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы катары карашууда. (UE/ERN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG