Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:01

Дональд Трамп салыктарды 20% чейин азайтууга макулдук берди


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп Конгрессте республикачылардын талабы менен салыктарды 20% чейин кыскартууга макулдугун берди.

Ишканалардын көргөн пайдасынан алынуучу салык АКШда 35% түзөт. Трамп президенттик шайлоо учурунда аны 15% чейин төмөндөтүүгө убада берген. Бирок ошол эле учурда ал Кошмо штаттары бюджет кенемтесин кантип толтураарын айткан эмес.

Трамп салык системасынын натыйжасыздыгынан улам АКШ жыл сайын миллиарддаган долларларды жоготорун белгилеп, ал эми өзү сунуштап жаткан реформа салык декларацияларын жөнөкөйлөтөрүн айткан болчу.

Жыл башында АКШнын каржы министри Стивен Мнучин салык реформасы өзүн актайт, салыктарды азайтуу экономиканын өсүшүнө алып келет деп билдирген.

XS
SM
MD
LG