Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:10

Парламент кыргыз-өзбек чек ара келишимин бүгүн да жабык кароодо


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо маселесин ушу тапта жабык талкуулап жатат.

Өткөн аптада бул маселе биринчи окууда да жабык каралып, көпчүлүк добуш алган. Жыйынга премьер-министр Сапар Исаков жана өкмөт мүчөлөрү катышкан.

Тиешелүү мыйзам долбоорун парламент ратификациялаган соң ага мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин 5-октябрга деп айтылып жаткан Ташкент сапарында эки өлкө башчыларынын кол коюусу күтүлүүдө.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өткөөл келишимге 5-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Бишкекке сапарында кол коюлган. Өкмөттүн маалыматына караганда, аталган келишимде Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырым чек арасынын 1170и же 85 пайызы такталган. Калган 208 чакырым же 15 пайызы жыл соңуна чейин макулдашылары айтылууда. Буга чейин такталбаган чек аранын айынан эки элдин ортосунда чыр-чатактар көп катталып, айрым учурларда кан төгүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG