Кошмо Штаттардын коргоо министри Жим Мэттис 28-сентябрда Катардын баш калаасы Дохага күтүүсүз сапар менен барды.
Ушул эле күнү ал Катардын коргоо министри Бин Мохаммед Ал-Атти жана өлкө эмири, шейх Тамим бин Хамад ал-Тани менен жолугушууларды өткөрдү.
Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттары, Египет жана Бахрейн 5-июнда Катар менен бардык дипломатиялык жана соода байланыштарын үзгөн.
Саудия Катар менен чек араны жаап, аба каттамдары, соода байланыштары үзгүлтүккө учураган. Катар каржылаган "Ал-Жазира" телеканалына да тыюу салынган.
Араб өлкөлөрү расмий Доханы террорчул уюмдарды каржылап, ички иштерге кийлигишип жатат деп айыпташкан. Катар болсо мындай айыптарды негизсиз деп четке каккан.
Андан бери эки ортодо расмий арачылык вазийпаны Кувейт аркалоодо, бирок азырынча оң жыйынтык чыга элек.
Сауд Арабия да, Катар да - Вашингтондун Жакынкы Чыгыштагы чечүүчү өнөктөштөрү. АКШнын аймактагы эң ири авиабазасы Катарда турат.