Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:34

Каталонияда Испаниядан бөлүнүү боюнча референдум өтүп жатат. Испан бийлиги аны мыйзамсыз деп атап, референдум өткөрүүгө бөгөт коюуга аракеттенип жатканы кабарланды. Барселонада жана башка шаарлардагы добушканадарда түндөн тарта добуш берүүгө катышууну каалагандар узун кезекке турушту.

Испаниянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, полиция кечээ добуш берүү өтөт деген жайлардын көпчүлүгүн жабууга жетишти. Айрым жайлар жекшемби эртең менен ачылып, добуш берүүнү каалагандар менен полициянын кагылышуулары болгон.

Полиция мындай имараттарга добуш берүүнү каалагандарды киргизбей, бюллетендерди алуу аракетин көрүп жатканы айтылууда. Испаниянын Жогорку соту буга чейин коомдук имараттарды добуш берүү өткөрүү үчүн колдонууга тыюу салган.

Барселонага кошумча он миң полициячы жана ыктыярчы кошуундар алып келинген. Каталония бийлиги шайлоочуларды добуш берүүгө катышууга чакырууда.

Барселона шаарынын мэри Ада Колау референдумдун жыйынтыгы кандай болбосун Каталониянын макамы жөнүндөгү маселени чечүүдө ортомчу болууга Евробиримдикти үндөдү.

Каталония бийликтери эгер референдум өтүп, анда “ооба” дегендер басымдуулук кылса көз карандысыздыкты “48 саат ичинде жарыялоону” убада кылышкан. Испаниянын курамындагы Каталония автономия аймагы Франция менен чектеш, анын курамына Барселона шаары да кирет. Аталган аймак 15-кылымдан бери Испаниянын курамында жана анда азыр 7,5 миллион калк жашайт.

XS
SM
MD
LG