Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:04

Талапкер Сариевдин шайлоо штабы Раимкулов боюнча билдирүү таратты


Канатбек Исаев
Канатбек Исаев

Сариевдин штабы өткөн жумада кармалган Канатбек Исаевге байланыштуу таратылган видеодо Сариевдин Сокулуктагы штабынын активдүү мүчөсү Деңиз Раимкулов жүргөнү боюнча түшүндүрмө берди. Штаб Деңиз Раимкулов менен Канатбек Исаевдин жолугушуусу болгонун ырастап, бирок бул жолугушуу тууралуу талапкер Сариевдин штабы кабарсыз болгонун билдирүүдө. Сариевдин шайлоо штабы Деңиз Раимкуловго байланыштуу иштердин баары ар тараптуу иликтенет деген ишеничте.

Билдирүүдө ошондой эле Канатбек Исаев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун тарапкери катары Темир Сариевди ага кошулууга үгүттөп, бир нече жолу жолугушканы, Сариев көнбөй койгондо ал талапкердин Сокулуктагы штабы аркылуу аракеттене баштаганы жазылган. "Акча жана түрдүү кызматтарды убада кылып, биздин штабдагыларды башка талапкер тарапка тартууга аракет кылган. Айрым адамдар анын сөзүнө берилип, башка штабга өтүп кетишкен" деп белгилейт.

Деңиз Раимкуловду болсо Канатбек Исаев кафеге жолугушууга чакырганы жана анда жөн эле сүйлөшүү жүрүп, эч кандай акча жөнүндө сөз болбогонун бекемдейт Темир Сариевдин шайлоо штабы.

Канатбек Исаевди "15-октябрга белгиленген президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин өзү колдогон талапкер Өмүрбек Бабанов утпай калса, мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга жана төңкөрүш уюштурууга аракеттенмек" деген шек менен УКМК 30-сентябрда кармап, 48 саатка Тергөө абагына камакка алган. Атайын кызмат аны менен кошо уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да кармалганын кабарлаган.

Ишемби күнү интернеттеги Youtube каналында "Канат Исаев даярдык үчүн миллион берип жатат", "Криминалдын бийликти басып алуу боюнча сүйлөшүүлөрү (Бабанов-президент, Исаев-спикер, Төрөбаев-премьер-министр)", "Канат Исаев бийликти басып алуу үчүн криминал даярдады" деген аталыштагы үч видео тасма тараган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG