Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:52

Каракол: "Республика" фракциясы кайрылуу жасады


Каракол шаар кеңешинин "Республика" фракциясынын мүчөлөрү
Каракол шаар кеңешинин "Республика" фракциясынын мүчөлөрү

Каракол шаардык кеңешинин "Республика" фракциясынын депутаттары өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге жана коомчулукка кайрылып, президенттик шайлоо өнөктүгүн таза өткөрүүнү суранышты. Алар айрым талапкерлерге каралоону токтотуп, административдик ресурска каршы турууну президенттен өтүнүштү.

"Республикачы" депутаттар шайлоону мыйзам чегинде өткөрүүнү, талапкерлерге бирдей шарт түзүп берүүнү, улут аралык маселени көтөрбөөнү талап кылышты.

Кайрылуунун аягында президент Алмазбек Атамбаевдин коопсуздук кеңешинде шайлоону таза өткөрүүнү талап кылганын да колдошорун билдиришти. (AsM)

XS
SM
MD
LG