Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:57

Лас-Вегастагы атышууга "ИМ" тобу жоопкерчилик алды


Лас-Вегас
Лас-Вегас

АКШнын Лас-Вегас шаарындагы кеминде 50 адамдын өмүрүн алган чабуулга “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жоопкерчилик алды. Радикал топко ыктаган “Амак” жаңылыктар агенттиги чабуулду бир ай мурда ислам динине өткөн адам уюштурганын жазып, бирок эч кандай далилдерди келтирген жок.

Окуя Mandalay Bay мейманканасынын айланасында кантри музыкасынын фестивалы өтүп жатканда болгон. Мейманкананын 32-кабатынан автоматчан адам чогулгандарды көздөй ок чыгара баштаган. Көп өтпөй полиция ок аткан кишини атып өлтүргөн. Чабуулдан кийин 400дөн ашуун киши ооруканага жеткирилди.

Шаардык полиция 1-октябрдын кечиндеги бул чабуулга шектелген адамды 64 жаштагы жергиликтүү тургун Стивен Паддок деп атаган. Шаардык полициянын шерифи Жо Ломбардо шектүүнүн кайсы бир согушкерлер тобуна тиешеси жоктугун ишара кылган.

XS
SM
MD
LG