Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:45

“Акыйкат шайлоо үчүн” кыймылы кезектеги жыйынга чогулат


“Акыйкат шайлоо үчүн” кыймылы Бишкекте өткөргөн жыйындардын бири.
“Акыйкат шайлоо үчүн” кыймылы Бишкекте өткөргөн жыйындардын бири.

Бул ирет 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүнүн жүрүшүндө коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо талкууланарын аталган кыймылдан билдиришти.

Жыйын баш калаадагы “Достук” мейманканасында өтөт. Маалыматка караганда, анда шайлоо күнүндөгү коомдук тартип менен коопсуздук маселеси да ортого салынат.

“Акыйкат шайлоо үчүн” жарандык кыймылы сентябрдын башында түзүлгөн. Аны түзүү меморандумуна бир нече коомдук ишмерлер, саясий партиялардын мүчөлөрү жана жарандык активисттер кол койгон.

Кыймылга экс-президент Роза Отунбаева, Абдыганы Эркебаев, Феликс Кулов, Зайнидин Курманов, Равшан Жээнбеков, Эмилбек Каптагаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Камила Талиева, Камила Шаршекеева, Бегалы Наргозуев, Рита Карасартова, Динара Ошурахунова, Табылды Акеров мүчө.

Уюштуруучулар "Акыйкат шайлоо үчүн" жарандык кыймылы президенттик шайлоого байланыштуу пайда болгон бардык маселелер боюнча коомчулукта талкуу уюштуруп, тиешелүү эксперттердин катышуусунда маалымат берип турарын билдиришкен.

Соңку кайрылуусунда аталган кыймыл административдик ресурс колдонулуп жатат деген негизде бийликтен ага жол бергендерди жазалоону талап кылышкан. (NT)

XS
SM
MD
LG