Линктер

шаршемби, 18-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:34

Шаардын элүүдөй тургуну 3-октябрда мэриянын алдына чогулуп, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Оштун Он-Адыр конушунда айткандары боюнча нааразылык билдиришти. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Ооган согушу ардагерлер кеңешинин төрагасы Сулайман Жунусов кабарлады.

Бабанов 28-сентябрь күнү Оштогу Амир-Темур (Он-Адыр) кичи районунун тургундары менен жолуккан. Көп өтпөй интернетте анын ошол жолугушууда айткандары кыргыз-өзбек улут аралык чыңалуусун пайда кылышы ыктымал деген жүйөөлөр айтылып, Бабановго чара көрүү талаптары да коюлган.

30-сентябрда Бабановдун шайлоо штабы анын Ошто сүйлөгөндөрү монтаждалып интернетке таратылган деп билдирип, буга байланыштуу тартип коргоо органдарына арыз жолдонорун маалымдаган. (SE/ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG