Линктер

шаршемби, 18-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:34

Аталган кыймылдын мүчөлөрү бүгүнкү жыйынында Жогорку Кеңеш депутаттарынын эс алууга кеткенин айыптап, тез арада иш ордуна кайтуусун талап кылган билдирүү таратты. Бул тууралуу коомдук кыймылдын атынан мурдагы спикер Абдыганы Эркебаев Бишкектеги жыйында кайрылуу жасады.

Ал өлкөнүн тагдырын чече турган шайлоо өнөктүгү жүрүп жатканда депутаттар каникулга кетип калганы мыйзамсыз деп билдирди. Бул сунушту кыймылдын башка мүчөлөрү да колдошту.

Жогорку Кеңеш 28-сентябрда "кворум жок" деген жүйөө менен эки жумага жалпы жыйындарын токтоткон.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Интернеттеги социалдык түйүндөрдө өкмөт өкүлдөрү да, депутаттар да учурда жер-жерлерди кыдырып, үгүт иштерине катышып жүргөнү байма-бай кабарланууда. (SDz/ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG