Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:37

"Журтташтардан жүз сунуш": жеңүүчүлөр сыйланды

“Азаттыктын” чет өлкөлөрдө жашаган журтташтар арасында жарыяланган "Журтташтардан жүз сунуш" сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, 3-сентябрда Бишкектеги кеңсебизде жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Айыл чарба тармагындагы жаштардын ролун бекемдөө, Жаш фермерлер биримдигин түзүү боюнча омоктуу сунуштарын берген Сагындык Эмилбек уулу баш байгени алып, “Айфон 7” телефону менен сыйланды.

Ошондой эле Осмоналиев Разак ( "Жапондордой шарт түзүү кыйын эмес", Жапония), Айгерим Бирназарова (“Каково жить в чешском общежитии?” Прага), Эркинбек Нуралиев (​"Мигранттардын “Жүк-200” маселесин чечүү керек" Москва), Мурат Эгембердиев ( Чет элдик мигранттын акчасы казынага түшсүн. Дубай.​) жеңүүчү деп табылып, аларга бирден электрондук китеп окуу куралы – букридерлер тапшырылды.

Сынакка тазалык, экология, билим берүү, жол коопсуздугу, транспорт, туризм, миграция жана башка орчундуу тармактар боюнча ондогон кызыктуу баяндар, омоктуу сунуштар келип түшкөн.

Алар иргелгенден кийин “Азаттыктын” кыргызча жана орусча барактарына жалпысынан элүүгө жакын материал жарыяланган.

Дагы бир кызыктыруучу сыйлык - "Мен көргөн Питер" аттуу блогдун автору Сайпидин Султаналиев менен "Маданияттуулук - улуттун жүзү" деп Питерден блог жөнөткөн Асел Молдоболотовага ыйгарылды.

Жеңүүчүлөр тууралуу толук маалыматты бул жерден окусаңыз болот.


16x9 Image

Эмилбек Чекиров

2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG