Москва Кошмо Штаттарынын Орусияга жаңы дайындалган элчиси Жон Хантсман эки тараптын чыңалган абалын оңдоруна үмүт артууда.
"Москвадагы жаңы элчи баштаган америкалык дипломатиялык миссия мамилелерибизди кайра калыбына келтирүүдө олуттуу салым кошот деп үмүттөнөбүз", - деди 3-октябрда Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков.
Бул тууралуу пресс-катчы 3-октябрда, орус президенти Владимир Путин Хантсман баштаган 20 элчинин ишеним грамоталарын кабыл алар алдында айтты.
Ошондой эле Песков ортодогу пикир келишпестиктерге АКШны айыптап, Путин тыгыз кызматташтык эки өлкөнүн эле эмес, дүйнөлүк кызыкчылыктарга төп келет деп эсептерин белгиледи.
Вашингтон-Москва алакасы Орусиянын Украинадагы агрессиясы, Сирия кризиси жана АКШдагы өткөн шайлоого ыктымал кийлигишүүсүнө байланыштуу кескин сууп кеткен.