Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:37

Физика боюнча Нобел сыйлыгынын ээлери аныкталды


 Райнер Вайсс, Бэрри Бэрриш жана Кип Торн. Сүрөт баян. 03.10.2017.
Райнер Вайсс, Бэрри Бэрриш жана Кип Торн. Сүрөт баян. 03.10.2017.

Швед падышалык академиясынын Нобел комитети физика боюнча быйылкы сыйлыгын америкалык Райнер Вайсс, Бэрри Бэрриш жана Кип Торнго ыйгарды. Окумуштуулар Нобел сыйлыгын гравитациялык (тартылуу күчүнө таандык) толкундарга жүргүзгөн байкоосу үчүн алышты.

Ааламда кара туңгуюктар кагылышканда, тартылуучу толкундар пайда болору байкалганы өткөн жылы жарыяланган. Окумуштуулар бул үчүн лазердик-интерферометрдик гравитация-толкундук обсерваторияны пайдаланышкан.

Бир күн мурда медицина боюнча Нобел сыйлыгына да америкалык үч окумуштуу татыган. Жеффри Холл, Майкл Росбаш жана Майкл Янг адамдын ички биологиялык саатын көзөмөлдөөчү молекулалык механизм тууралуу ачылыш жасашкан. Тактап айтканда, окумуштуулар түнкүсүн атайын белок чогултуп, аны бир күн ичинде иштете турган генди аныкташкан. Бул механизм бардык тирүү организмдерде бирдей иштейт экен.

Апта соңуна чейин химия, адабият жана тынчтык сыйлыктарынын ээлери аталат. Эл аралык Нобел сыйлыгы дүйнөлүк өнүгүүгө салым кошкон инсандарга 1901-жылдан бери тапшырылып келатат.

XS
SM
MD
LG