Линктер

жума, 20-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:01

Мэттис: АКШ Пакистан менен иштешүүгө аракеттенет


Жим Мэттис Сенат комитетиндеги жыйында. 3-октябрь, 2017-жыл.

АКШнын коргоо министри Жим Мэттис бул тууралуу Сенат комитетинде 3-октябрдагы жыйын учурунда билдирди. Анын айтымында, Кошмо Штаттар Пакистан менен Ооганстан боюнча иштешүүгө “дагы бир жолу аракеттенет”.

Мэттис белгилегендей, эгер мындай аракеттерден “майнап чыкпаса, президент Дональд Трамп кандай зарыл кадам болбосун жасоого даяр”.

АКШ коргоо министри жакында Исламабадга барарын кошумчалап, бирок сапардын чоо-жайын ачыктаган жок.

Президент Дональд Трамп август айында АКШнын Ооганстан боюнча жаңы стратегиясын жарыялаган учурда Пакистан өз аймагында согушкерлер менен экстремисттерге башпаанек берип жатканы үчүн ага кысым көрсөтүлөрүн билдирген. Бирок ал кандай чаралар болушу мүмкүн экенин айткан эмес. Маалымат каражаттарында Пакистан АКШ үчүн НАТОго кирбеген башкы өнөктөш деген макамдан ажыратылуусу мүмкүн деген кабарлар тараган.

Пакистан бийликтери АКШнын Исламабад согушкерлер менен экстремисттерге башпаанек берип жатат деген айыптоолорун четке каккан.

Вашингтон жаңы стратегиясынын алкагында Ооганстанга ал жерде буга чейин турган 11 миң аскерине кошумча 3000 жоокер жөнөтүүдө.

АКШ армиясындагы штаб башчылардын Бириккен комитетинин төрагасы Жозеф Данфорддун 3-октябрда Сенат комитетинде айтканына караганда, жаңы стратегия Ооганстан боюнча каржылык чыгымды 1, 1 миллиард долларга көбөйтүп, жылына 12,5 миллиард долларга жеткирет. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG