Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:46

Жумакадыров: Алимжанов боюнча видео териштирилет


Темир Жумакадыров.
Темир Жумакадыров.

Бул тууралуу вице-премьер-министр, шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын жетекчиси Темир Жумакадыров “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасына катышкан учурда билдирди. Ал өзүн Дурбек Алимжанов жана президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун тарапташы деп тааныштырган жарандын интернетте тараган билдирүүсү териштирилип, көзөмөлгө алынарын белгиледи:

- Мен видеону күндүн экинчи жарымында көрдүм. Бул видео аягына чейин териштирип, укуктук баа берилиши керек деген тиешелүү тапшырмаларды бердим. Жоопкерчилик менен айтып кетейин, бул маселе көңүл сыртында калбайт. Жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда кандай гана маалымат болбосун, аягына чейин териштирилет.

3-октябрда НТС телеканалынан өзүн Дурбек Алимжанов деп тааныштырган адам Ош бажысынын кызматкери Зафар Айдаровдун кишилери аны шаар четине алып барып, сабап, кыйнап Өмүрбек Бабанов тууралуу жалган сөздөрдү айтууга мажбурлаганын айткан. Ал эми Ош бажысында жетекчилик кызматтардын бирин аркалаган жана эрежесиз уруш чебери катары белгилүү болгон Зафар Айдаров Алимжановдун маалыматын четке кагып, аны тааныбай турганын "Азаттык" радиосуна билдирди. (NT)

XS
SM
MD
LG