Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:28

Аба ырайы: үшүк жүрөт


Синоптиктердин шашылыш билдирүүсү боюнча, 5-7-октябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде түнкүсүн -2…-4° суук болуп, үшүк жүрөт.

Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алынып, жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

6-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаайт. Чүй, Талас облустарында жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...-4 градус суук, күндүз 8…13 жылуу болот.

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9 градус жылыйт.

Талас облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11 градус жылуу болот.

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14 градуска чейин жылуу болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде -2...-4, күндүз 7…12 градуска чейин жылыйт.

Нарында түнкүсүн -2…-4, күндүз 7...12 градус болот.

6-октябрда Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 3…5°, күндүзгү температурасы 11…13° жылуу болушу күтүлөт.

XS
SM
MD
LG