Линктер

жума, 20-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:02

Владимир шаарындагы 16 кишинин өмүрүн алган кырсыкка автобустун айдоочусу себепкер экенин Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Руслан Блинов билдирди.

- Көзөмөл коюлган темир жол өтмөгүндөгү кырсыкка айдоочунун жол эрежесин бузганы себеп болду. Тилекке каршы мерт кеткендер менен жабыр тарткандар бар. Жараат алгандар Петушинский райондук ооруканасына жиберилди. Аларга медициналык жардам көрсөтүлүп, дарыгерлердин көзөмөлүндө жатышат, - деди Блинов.

6-октябрдын таңында Владимир шаарында жүргүнчү автобусу темир жолду кесип өтүп баратканда өчүп калган. Жүргүнчүлөр түшө калып түртүп атканда жакындап калган поезд токтоно албай сүзүп өткөн. Автобустун ичинде өзбекстандык 55 жүргүнчү, эки казакстандык айдоочу бар экенин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги тактады. Мерт болгондор автобустун ичинде калган жүргүнчүлөр жана айдоочунун бир экени маалымдалат.

Автобус Санкт-Петербургдан Нижний Новгород шаарына бараткан.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG