Линктер

шаршемби, 18-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:33

Жол кырсыгынан каза болгон вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун жанында жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу болгон. Кырсык автоунаадагы үчөөнүн тең өмүрүн алып кеткен.

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров бараткан «Тойота Ландкрузер» автоунаасы бүгүн таңкы саат 7:30 да Бишкек-Чалдовар жолунун 36 чакырымында, Москва районунун Садовое айылында “КамАЗ” менен бетме-бет сүзүшкөн.

Өкмөттөн вице-премьер-министр Таласка иш сапары менен баратканын маалымдашты.

Жумакадыров Республикалык шайлоо штабын 21-сентябрда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин ордуна келип, жетектеп баштаган. Ал ушул жылдын август айында премьер-министр Сапар Исаковдун министрлер кабинети менен кошо коопсуздук жаатындагы вице-премьер-министр болуп дайындалган. Ага чейин Коопсуздук кеңшинин катчылыгын аркалап келген. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG