Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 14:02

БШК: эл аралык байкоочулардын саны 712ге жетти


Шайлоо участкасындагы байкоочулар (архивдик сүрөт).

Борбордук шайлоо комиссиясы 7-октябрда дагы 283 эл аралык байкоочуну каттады. Бул тууралуу кабар БШКнын расмий сайтына жарыяланды. Маалыматка ылайык, КМШ, ШКУ уюмдарынын, ЕККУнун Адам укугу боюнча демократиялык институттар бюросунун өкүлдөрү эл аралык байкоочу катары аккредитациядан өтүштү.

7-октябрга карата БШКда дүйнөнүн 57 мамлекетинен жана эл аралык уюмдардан келген 712 эл аралык байкоочу катталды.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда болот. (SDz)

XS
SM
MD
LG