Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:55

Өткөн жумада Ташкентте болгон "Жибек жолундагы туризм" жармаңкесинде кыргызстандык жана өзбекстандык ишкерлер туризм жана дең соолукту чыңдоо тармагындагы кызматташуу боюнча 141 келишимге кол коюшту. Келишимдердин жалпы суммасы 1,5 млн доллар. Иш-чара Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен өткөнүн аталган министрликтен кабарлашты.

Аталган министрликтин маалыматы боюнча, кыргызстандык делегация Өзбекстандын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин жана Спорт, дене тарбия комитетинин жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү.

Сентябрь айынын аягында Бишкекте Өзбекстандын 250дөн ашуун ишканасы көргөзмө-жармаңкесин өткөргөн.

5-октябрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга мамлекеттик сапарынын алкагында Ташкентте кыргызстандык өндүрүшчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG