Ысык- Көл облустук соту 9-октябрда тыюу салынган китепти сактаган деп айыпталып, үч жылга эркинен ажыратылган Назира Асаналиеванын ишин карады. Териштирүүдө соттолгон аялдын үйүнөн онго жакын диний китеп табылганы жана анын бири экстремисттик экени айтылды. Жыйынтыгында судья Асаналиеванын эн кенже баласы эмчекте экенин эске алып, ал 14 жашка чыкканча жаза өтөө мөөнөтүн жылдырып, сот залынан бошотту.
Түп райондук соту 26-сентябрда Ой-Булак айылынын тургуну Назира Асаналалиеваны Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси менен күнөөлүү деп таап, үч жылга абакка кескен.
Айыпталуучу тарап буга нааразы болуп, жогорку инстанцияга даттанган. Жакындары 9-октябрда Ысык-Көл облустук сотунун алдында митингге чыгышып, он бир баланын энеси, кош бойлуу Назира Асаналиеванын күнөөсүз экенин айтышкан, бошотууну талап кылышкан.
"Хизб ут-Тахрир" диний уюму Кыргызстанда экстремисттик деп таанылган. (AsM)