Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:33

НАТО Румынияга атайын аскердик тобун жайгаштырат


Түндүк-атлантикалык альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг
Түндүк-атлантикалык альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг

Бул тууралуу Түндүк-атлантикалык альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг Кара деңиз өлкөлөрүнүн жыйынында айтты. Мындай зарылчылык Орусиянын соңку аракеттеринен, Грузия менен болгон согуштан жана Крымдын аннексиясынан кийин Москванын аскерий машыгууларынын көбөйүшүнөн улам келип чыкты. Көп улуттуу топко тогуз өлкөдөн 400 аскер кирет. Алар Румыниядагы америкалык 900 кишиден турган аба жана деңиз күчтөрүнүн контингентине кошулат.

Орусия болсо НАТО батыш чек араларына жаңы күчтөрдү тартып, кырдаалды курчутуп жатат деп эсептейт. Москва өз позициясын Түндүк-атлантикалык альянстын Чыгыш Европадагы аракеттерине жооп катары түшүндүрөт.

XS
SM
MD
LG