Кыргызстан Казакстан менен чек арасын күзөтүүдө күчөтүлгөн тартипке өттү. Мамлекеттик Чек ара кызматынан бүгүн кабарлашкандай, мындай тартип 10-октябрда саат 20:00дөн тарта киргизилди.
Ага чейин, саат 18:00дө казак чек арачылары транспорттун жана адамдардын өтүүсүн күчөтүлгөн тартипте текшере баштап, мунун айынан өткөрмө бекеттерде адамдар жана автомашиналар топтолуп калган. Мындай көрүнүш азыр да уланууда.
Кыргызстандын Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартип “президенттик шайлоо мөөнөтүнө” киргизилгенин, кыргыз тараптан эч кандай чектөө жок экенин белгилеп жатат.
“Кордай” өткөрмө бекетинде текшерүү күчөп жатканын, 10-октябрдын түнү чек арада узун кезек пайда болгонун, эл бир нече сааттап жөө жана машине менен чек арадан өтө албай турганын ал жактагы күбөлөр социалдык тармактарда маалымдашкан. Чек арада кезек күткөндөрдүн бир катары текшерүүнүн катаалдашын президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигин сындаганы менен байланыштырышкан. Интернетте да ушундай кабар тараган.
Президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда казак бийлигин кыргыз шайлоосуна кийлигишип жатат деп сындаган. Ал казак президенти Нурсултан Назарбаевдин президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов менен жолукканын, дагы бир талапкер Темир Сариевдин казактандык бизнесмен Булат Утемуратов менен телефондон сүйлөшкөнү тараган аудиожазууларды сынга алган.
Бишкектен 25 чакырым түндүктөгү Кыргызстандын "Ак жол", Казакстандын "Кордай" өткөрмө пункту эки өлкөнү байланыштырган негизги бекет. Ал аркылуу күнүнө 25 миңдей адам жана эки миңдей автоунаа өтөт. (RK/NT)