Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Кадамжайда үч тилде окуткан мектеп ачылды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баткен облусунда Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында 150 балага ылайыкташкан Алишер Новои атындагы мектептин ачылышы болду.

Жалпы баасы 10 млн сомго бааланган бул курулушту АРИС агенттиги жеригилктүү бийлик менен тургундардын колдоосунда бүткөрдү.

Мектептин эмерегин Билим берүү жана илим министрлиги камсыздап, баардык шарттары менен пайдаланууга берди. Бул мектепте окуу кыргыз, орус, өзбек тилинде жүргүзүлөт.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн “Азаттык” радиосуна маалымдашкандай, быйылкы жылы Кадамжай район аймагында эки мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Дагы үч мектептин имаратынын курулушу бүткөнү жатат. (JsA)

XS
SM
MD
LG