Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Темир Сариев Казакстанга ЕАЭБ боюнча милдеттерин эскертти


Темир Сариев
Темир Сариев

Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы, учурда президенттикке ат салышып жаткан Темир Сариев казак тарапка кайрылып, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кошулганда биринчи кезекте кызматташтык максатын көздөгөнүн эскертти.

Бүгүн Сариев кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн жагдайга байланыштуу билдирүү таратып, ЕАЭБ келишими адамдардын жана товарлардын чек ара аркылуу эркин өтүүсүн жарыялаган документ экенин кошумчалады.

Ошону менен катар Сариев президенттикке талапкерлерге жана мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге да кайрылып, ар ким өзүнүн сөзү жана иштери үчүн жооптуу болушу керек экенин айтты.

“Биз жабык мейкиндикте жашап жаткан жокпуз. Биздин тандообузга өлкө ичинде гана эмес, коңшу мамлекеттерде да көңүл буруп карап турушат” деди ал.

Алгач Орусия менен Беларустун Бажы биримдиги катары түзүлгөн уюм кийин кеңейип ЕАЭБ болуп кайра түзүлгөн. Ага Армения, Казакстан жана Кыргызстан мүчө.

Кыргызстан ЕАЭБге Сариев өкмөт башчы болуп турган кезде кирген болчу.

“Кордай” өткөрмө бекетинде текшерүү күчөп жатканын, 10-октябрдын түнү чек арада узун кезек пайда болгонун, эл бир нече сааттап жөө жана машине менен чек арадан өтө албай турганын ал жактагы күбөлөр социалдык тармактарда маалымдашкан. Чек арада кезек күткөндөрдүн бир катары текшерүүнүн катаалдашын президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигин сындаганы менен байланыштырышкан.

Президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда казак бийлигин кыргыз шайлоосуна кийлигишип жатат деп сындаган. Ал казак президенти Нурсултан Назарбаевдин президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов менен жолукканын, дагы бир талапкер Темир Сариевдин казакстандык бизнесмен Булат Утемуратов менен телефондон сүйлөшкөнү тараган аудиожазууларды сынга алган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы бүгүн расмий маалымат таратып, жалпысынан төрт чек ара бекетинде: “Ак-Жол”, “Чалдыбар”, “Ак-Тилек” жана “Чоң-Капкада” адамдардын жана автоунаалардын өтүүсү кыйын болуп жатканын, абал өзгөрө электигин билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG