Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:34

Кыргыз-казак чек арасы ачылып, кайра жабылды


10-октябрдан тарта кыргыз-казак чегиндеги “Кордай”, "Ак тилек", “Чалдовар” жана “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен жарандардын, автоунаалардын өтүшү кыйынга туруп, узун кезек пайда болгон.
10-октябрдан тарта кыргыз-казак чегиндеги “Кордай”, "Ак тилек", “Чалдовар” жана “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен жарандардын, автоунаалардын өтүшү кыйынга туруп, узун кезек пайда болгон.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тараткан маалыматка караганда, казак тарап 11-октябрда кечки саат 23:00дө көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен жарандарды өткөрүү жол-жобосун жеңилдеткен. Анын натыйжасында кезекте турган жарандар бир жарым сааттын ичинде койо берилген. Бүгүн, 12-октябрда эртең мененки саат 8:00дөн баштап казак тарап жарандарды өткөрүү процедурасын кайра жайлатып, мунун айынан “Ак жол" көзөмөл-өткөрмө бекетинде жарандардын узун кезеги байкалууда.

“Учурда чек арада оор жүк ташуучу унаалардын саны кыскарган, бирок казак тараптын чектөөлөрүнөн улам алардын саны көбөйүп кетиши ыктымал”,- деп жазылат билдирүүдө.

10-октябрдан тарта кыргыз-казак чегиндеги “Кордай”, "Ак тилек", “Чалдовар” жана “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен жарандардын, автоунаалардын өтүшү кыйынга туруп, узун кезек пайда болгон. Казак тараптан текшерүү күчөп, жарандар бир нече сааттап кезекке турушкан.

Чек арада кезек күткөндөрдүн айрымдары текшерүүнүн катаалдашын президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигин сындаганы менен байланыштырышкан. Казакстандын Чек ара кызматы “пландуу чек ара операциясы” жүргүзүлүп жатканына байланыштуу өткөрмө бекеттен жарандарды, транспорт каражаттарын, жүктү, товарларды текшерүү күчөтүлгөнүн жарыялаган.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылып жатканына 11-октябрда “Азаттыктын” кабарчысы да күбө болгон.

Казакстан менен чек арасын күзөтүүдө күчөтүлгөн тартипке өткөнүн Кыргызстандын Чек ара кызматы да кабарлап, муну “президенттик шайлоо” менен түшүндүргөн. Кыргыз тараптан эч кандай чектөө жок экенин маалымдаган.

11-октябрда премьер-министр Сапар Исаков Евразиялык экономикалык кеңештин Сочидеги жыйынынын алкагында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаалды сүйлөшкөн.

Өкмөттүн маалымат катчысы Гулнура Төралиеванын белгилешинче, Исаков чек арадагы абалдан Кыргызстандын гана эмес, Казакстандын жана башка үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары да жапа чегип жатканын белгилеген. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Нурсултан Назарбаев казак өкмөтүнө чек арада жаралган бардык маселелерди чечүүнү тапшырганы кабарланган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG