Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

Орусияда он биринчи губернатор алмаштырылды


Президент Путин келерки жылдагы президенттик шайлоого катышарын азырынча ачык айта элек.
Президент Путин келерки жылдагы президенттик шайлоого катышарын азырынча ачык айта элек.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргендей, 12-октябрда президент Путин Псков облусунун губернатору Андрей Турчактын кызматтан чегинүү жөнүндөгү арызын канааттандырды.

Анын ордуна президенттин Түндүк Кавказ боюнча өкүлүнүн орун басары Михаил Ведерников Псков облусуна губернатордун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Ушуну менен Орусияда бул аптада үчүүнчү, ал эми акыркы эки апта ашуун убакыт ичинде кеминде 11 облустун губернаторлору алмаштырылды.

Бул кадрдык жүрүштөр Орусиянын келерки жылдагыпрезиденттик шайлоосу алдына туш келүүдө.

Президент Путин 2018-жылдын 18-мартындагы шайлоону жеңип чыгары күтүлүүдө. Бул анда анын төртүнчү президенттик мөөнөтү болот.

Кремль мурдагы шайлоолордо Путинге колдоону камсыздаш үчүн аймактык губернаторлорго таянып келген. (UE)

XS
SM
MD
LG