Кыргызстанда 14-октябрь - шайлоо алдындагы “жымжырттык күнү” деп жарыяланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Маалыматка караганда, «Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 23-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, 14-октябрда талапкерлердин үгүт иштери токтотулушу керек.
Мындан тышкары БШКдан каттоодон өткөн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет басылмаларында үгүт материалдарын таратууга, жарыялоого тыюу салынат.
Президенттик шайлоо эки күндөн кийин, 15-октябрда өтөт. (NT)