Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Кыргыз-казак чек арасынан алгач тез бузулчу жемиштер өткөрүлүүдө


Кыргыз-казак чек арасындагы "Кордай" бекети аркылуу алгач тез бузулчу жашылча-жемиштер өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна алыска оор жүк ташып иштеген айдоочулар бирикмесинин өкүлү Максатбек Дүйшеев билдирди.

- Чек ара алгач жабылган күнү даттануулар болгон. Кечээ 65 машина кеткен, ошондо тез бузулчу тамак-аш, жашылча-жемиштер кетти. Арасында агып жаткан малина, тез бузулчу токой алмурутун жүктөгөндөр бар экен. Ошондой машиналардан 7-8и кетти. Азыр күтүп тургандардын 80% казактардын машинасы, алардын көбү картошка жүктөгөндөр.

10-октябрдан тарта кыргыз-казак чегиндеги “Кордай”, "Ак тилек", “Чалдовар” жана “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен жарандардын, автоунаалардын Казакстанга өтүшү кыйындаган. Казак тараптан текшерүү күчөп, жарандар бир нече сааттап кезекке туруп, оор жүк ташыган автоунаалардын саны да өскөн.

Социалдык тармактын айрым колдонуучулары чек арадагы соңку кырдаалда 10 тонна жүзүмү соолуп калганын жазган. (KЕ)

XS
SM
MD
LG