Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:38

Башкы прокуратура Өмүрбек Бабановдун Оштун Амир-Темир (Он-Адыр) кичи районунда шайлоочулардын алдында сүйлөгөн сөзүндө улут аралык кастыкты козутуу бар экени жана ал монтаж эместиги аныкталганын билдирди.

Бүгүн мекеменин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө "саясий-филологиялык экспертизанын жыйынтыгы боюнча Бабановдун ошол сөзүндө улут аралык кастыкты козутуу белгилери, жарандарды бийликке баш ийбөөгө чакырыктар, калайман башаламандык жана улут аралык негизде активдүү аракеттерге түртүшү ыктымал сөздөр бар экени, видеофонографиялык изилдөөдө тасмадагы үн Бабановдуку экени жана ал монтаждалбаганын аныкталганы" айтылат.

Бабанов Амир-Темирдин тургундары менен 28-сентябрда жолуккан.

Эртеси күнү ал жолугушуу тууралуу тасмалар интернетте тарап, “Бабанов кыргыз-өзбек кастыгын козутуп жатат” деген сыяктуу комментарийлер менен коштолгон.

УКМК бул материалдарды Башкы прокуратурага жөнөткөн.

Бабановдун штабы билдирүү таратып, “соңку кезде жалпыга маалымдоо каражаттарында Бабановго карата кара пиар күчөгөнүн”, “аны Кыргызстандын өзбек улутундагы жарандарын кагылышка чакырды деп айыптаган жалган видео тараганын" айтып чыккан.

Билдирүүдө ошондой эле Бабановдун өкүлдөрү буга байланыштуу тартип коргоо органдарына арыз жолдогону жатканы, “видеону монтаждап, жайылткан адамдар улут аралык кастыкты козутканы үчүн жоопко тартылышы керектиги” айтылган.

Бабановдун штабы ал Ошто эл менен жолукканда бардык улуттарды достукка жана эмгекке чакырганын, кайсы бир талапкерге добуш бергиле деп мажбурлап коркуткандарга чогуу каршы турууга чакырганын белгилеген.

Көзөмөл органдын соңку маалыматына караганда, “УКМК кошумча текшерүү иштерин жүргүзүп жатат жана алардын жыйынтыгына жараша процессуалдык чечим кабыл алынат”.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. “Республика» партиясынын жана парламенттеги “Республика Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов 11 талапкердин бири. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG